Кыргызстанда 5-майда саат 12:54тө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология Институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Шыйрак айылынан Түштү-Чыгышты карата 11 чакырым аралыктагы, Ыштак айылынынан Түндүк-Чыгышты карата 30 чакырым аралыктагы жана Каракол шаарынан Түштүк-Чыгышты карата 75 чакырым аралыктагы аймак болду.
Эл жашаган конуштардагы жер титирөөнүн күчү Ак-Шыйракта – 4,5 балл, Ыштакта -3,5 балл, Кургак, Эңилчекте – 3 балл, Май-Саз, Койлуу, Таш-Короо, Кара-Сайда 2,5 баллга жетти.