Спорттук иш-чарага республиканын бардык облустарында, Бишкек, Ош шаарларында жайгашкан аймактык салык органдарынын, ошондой эле, Салык кызматынын борбордук аппаратынын, ири салык төлөөчүлөрдү котролдоо башкармалыктарынын кызматкерлеринен турган 11 команда катышты.

 

Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров спартакиаданын ачылышындагы өзүнүн куттуктоо сөзүндө  спорттук иш-чаранын салыкчылар арасында негизги роль ойной тургандыгын, кызматкерлердин  башын бириктирип, достукту бекемдөөгө, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого дем берээрин белгилеп өттү.

 

Анын айтымында, салык кызматкерлери өздөрүнүн негизги милдетинен тышкары – салыктарды жыйноо менен бирге, ар кандай иш-чараларга, анын ичинде спорттук мелдештерге активдүү катышып келишет.

 

Эки күндүк мелдеште командалар спорттун 8 түрү: волейбол, кичи-футбол, шахмат, стол тенниси, аркан тартыш, тогуз коргоол, бильярд жана жеңил атлетика боюнча жарышышты.

 

Турнирдин жыйынтыгы боюнча биринчи орунга Бишкек шаарындагы салык органдарынын кызматкерлеринен турган команда ээ болду. Бул команда үч жыл катары менен биринчиликте келе жатат.

 

Экинчи орунга – Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, үчүнчү орунду – Чүй облусу боюнча салык органдарынан турган команда ээледи.

 

Мелдештин жеңүүчүлөрү кубок, медаль, командалык кубок жана дипломдор менен сыйланышты.

 

Спартакиаданын жабылыш аземинде МСКнын төрагасы Т.Абжапаров спорттук турнирди жыйынтыктап жатып, жеңүүчүлөрдү жана мелдештин бардык катышуучуларын куттуктады, ошондой эле иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

 

Белгилей кетсек, МСК ведомстволук Спартакиаданы жыл сайын, өлкөнүн ар кайсыл регионунда өткөрүп, ага салык кызматынын 300гө жакын кызматкерлери катышып келет. Өткөн жылдагы мелдеш Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн.