Москвадагы  Шереметьево эл аралык абамайданында 5-майда кырсык орун алды.  "Superjet 100"  үлгүсүндөгү учак өрткө чалдыкты.

 

Орусиялык массалык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, учак "Аэрофлот"  авиакомпаниясына таандык. Ал  Москва-Мурманск каттамы боюнча учуп бараткан. Бортунда 78 жүргүнчү болгон. Орто жолдон учак  борттон чыккан өрткө байланыштуу чукул конууга аргасыз болгон. Конгуча  жалын учактын арт жагына жеткен. 

 

 

Учак конгондон кийин  жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Алардын баары эле куткарылган, бирок айрым маалыматтарга караганда каза тапкандар да бар.