Биринчи май райондук сотунда жасалма документ жасоо жана коррупцияга шектелген дарыгерлердин баш коргоо чарасы каралды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде онколог-дарыгерлер кармалышкан.
Маалыматка караганда, кармалган дарыгерлер №1 абакка эки айга киргизилди. Бирок, тергөө кызыкчылыгына байланыштуу канча дарыгер кармалганы азырынча ачык айтылбайт. Анткен менен айрым маалымат каражаттарында дарыгер-онколог Эмил Макимбетов менен Ирина Цопова кармалганы жазылууда.
Эске салсак, 2013-жылы Нарын шаардык соту Азиз Батукаевди айыккыс дартка чалдыккан деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон.