"Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып–тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн.
Акыл-эстүү муундар мындан сабак алып, кайра биригип, улуу инсандардын кайраты менен кайра жаралган журт болгонбуз.
Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат", - деди президент Жээнбеков.
Ал бул тууралуу бүгүн, 3-майда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу аземде сөз сүйлөп жатып билдирди.
"Кыргызстан элинин ассамблеясы ушул улуу дөөлөттөрдү аздектеп сактап, аяр улап, урпактарга жеткирип келет.
Советтик мыйзамдардын күчү кетип, жаӊы коомго жүрүм-турумдун жаӊы нормалары сиӊе электе Ассамблея эл ынтымагы үчүн төө көтөргүс милдетти аркалады.
Кудайга шүгүр, улут аралык чөйрөдө кылымдардан келаткан жалпы дөөлөттөрүбүздү, орток руханий байлыгыбызды бөлүп-жарбай сактап калдык, бирге болдук", - деди мамлекет башчы.