Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралып, 11,6 жыл жаза мөөнөтү 10 жыл болуп алмашылды.
Бирок экс-депутаттын адвокаты жаза мөөнөтүнүн 7,6 жылга чейин кыскартылышын талап кылган болчу. Мындан улам анын тарапташтары соттун өкүмүнө нааразычылык билдиришти.
Экс-депутат 2017-жылдын март айында кыргыз-казак чегарасында кармалган. Ага 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митингде Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган.