Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы аларга ушунча каражат төлөп берүүгө тийиш.

 

Чечим 2-майда кабыл алынганын «Медиа полиси» институту кабарлады.

 

Муну менен шаардык сот райондук соттун чечимин бираз өзгөрткөн. Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Апрель» телеканалын өз эфиринде төгүндөө жарыялаганга, ал эми Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

 

2018-жылы 10-декабрда Атамбаев «Апрель» телеканалына интервью берген. Доогерлер мурдагы президент алардын ар-намысынан шек келтиргенин билдиришкен. Атамбаевдин адвокаты жалаа жабуу же фактыларды бурмалоо болбогонун, арызданган үч саясатчынын кадыр-баркына доо келбегенин жүйө келтирген.

 

Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл этегинде сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.