Буга ишке катышып жаткан прокурордун материалдар менен тааныша элек экенин айтып, карап чыгууга уруксат сураганы себеп болду. Судьялар кеңешүүдөн кийин прокурордун бул өтүнүчүн канаттандырып, соттук жараянды 3-май, саат 10:00гө калтырды.
Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде бул ишти кайра кароо өтүнүчү менен 15-февралда «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку сотко кайрылган. Иш кайра карала турганы март айында белгилүү болуп, отурум 23-апрелге белгиленген.
«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан.