Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Өзбекстандын Фергана шаарында эки мамлекеттин чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусуна катышты. Өзбек тараптын делегациясын премьер-министрдин орун басары Элёр Ганиев жетектеген.

 

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштерди улантуу зарылдыгы тууралуу макулдашышты.

 

Мындан тышкары тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган участокторду сыпаттоону аяктоо максатында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин күчөтүү зарылдыгы жөнүндө түшүнүшүүгө келишти.

 

Булак – “Майдан. kg” гезити