"Азыр аймактардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эмне маселе чечет? Эч нерсе чечпей калышты. Ошондуктан, аларды жоюш керек, бизге губерниясы жок губернаторлордун эмне кереги бар", - деди депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин жыйынында. 

 

Депутаттар Конститциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угушту. 

 

«Жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо иши качан башталат? Ушул маселени такай көтөрөбүз, азыркыга чейин так жообу жок. Акимдер менен Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ошол бойдон кала беришеби? Муну Премьер-министрдин чечими менен эле чечип койсо болот да. Ал эми акимдер айыл өкмөттөрүнүн ишине жакындан жардам бериши керек», - деп кошумчалады депутат.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү бийлик органдарында кайсы бир түзүм ашыкча болуп жатканын моюнга алды. «Балким айыл өкмөттөрүн бириктирип, райондорду эле калтырсак кантет? Эми, бул маселени иликтеп жаткан комиссиянын жыйынтыгын күтүш керек, анан алардын бирин калтыруу маселеси чечилет деген ойдомун», - деди ал.