Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кени чыгуучу жерге барып келген активисттер ал жерде иш эчак башталып калганын жарыялашты.
Экс-депутат Камила Талиеванын соцтармактагы баракчасына жазганына караганда, инвесторлор инфраструктураны толугу менен курууга жетише элек. Бирок, жол, офистер, ашкана курулган. Техника бардык жакта иштеп жатат.
"Жергиликтүү тургундардын айтымында, кен иштетүүгө каршы чыккан активисттерге коркутуулар болууда", - дейт экс-депутат.