Бишкекте Жогорку соттун имаратынын алдында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. 150 чакты адам чогулушту. Алар Жапаровдун коррупция менен күрөшкөнүн, экология үчүн санааркаганын айтышып, эркиндикке чыгарууну талап кылышты. 

 

Ушул учурда саясатчынын соту болууда. Тарапташтары сот тозоктон корксо, акыйкат чечим кабыл алаарын да белгилешти. 

 

Эске салсак, Жапаров 11, 6 жылга эркинен ажыратылган. Ага "Адамды барымтага алуу" беренеси боюнча айып тагылган.