Ысык-Көлдөгү уран кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү калктын митинги аяктады. Алар парламент депутаттарына жолугушту.
Митингдин катышуучусунун айтымында, аларга депутаттар Абдыбек Дүйшалиев менен Алтынбек Жунус уулу келген. Эл өкүлдөрүнө эл уран кенин иштетүүгө каршы экендиктерин айтып, бул нерсеге тыюу салуу талабын коюшту. Анда айтылган маалыматтарга караганда, кенде иш башталганы калп.
Эл эгер талаптары аткарылбаса 29-апрелде да митингге чыгышат. Алар Бишкекке чейин жөө жүрүш жасоого да даяр.