Өкмөт уран кенин иштетүү боюнча алиге чейин расмий жообун бере элек. Бул тууралуу социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
"Кыргызстанга туризмден 350 миллион доллар киреше кирет, а уран иштетүүдөн 30 миллион доллар киреше түшөт экен. Чыгашаны ким эсептейт? Биз элди түшүнүксүз жагдайга кептеп атабыз. Эки күндөн бери каршылык акциясы болуп жатат, өкмөттөн эч ким расмий жооп кайтарбады. Шайлоочулар болсо бизге тынымсыз телефон чалып жатышат", - деди депутат.
Ошондой эле депутат Кыргызстандагы уран иштетүүдөн калган калдыктарды жок кылууга миллиондогон долларлар бөлүнүп жатканын, ага карабай кайра эле уран иштетебиз деп жатышканын белгиледи. Андан сырткары 25-апрелде параламентке отчет берүү учурунда өкмөт бул боюнча так позициясын билдириши керектигин айтты.