Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Шри-Ланкадагы жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Учурда консул кызматынын департаменти алдын ала алынган маалыматтын чын-төгүнүн аныкташууда.
Эске салсак, 21-апрелде, Пасха майрамын белгилөө учурунда Шри-Ланкада жардыруу болгон. Биринчи алты жардыруу үч храмда жана Коломбо, Негомбо жана Баттикалоа шаарындагы мейманканада болсо, жетинчиси Дехиваледе, сегизинчиси борбор калаанын четиндеги конушта орун алган.
Айтылгандай, жардыруунун башкы максаты жергиликтүү христиандарга багытталган.