КСДП партиясынын Атамбаев жетектеген бөлүгүнүн бүгүнкү митингинде премьер-министр Абылгазиевдин да отставкасы талап кылынды. Ошондой эле митингчилер Юстиция министри Жаманкуловдун кызматын тапшыруусун да талап кылышкан. Андан сыткары Жогорку Кеңешти таратууну да каалашат.
"КСДПны эч кимге бербейбиз!" урааны менен чыккан митингчилер министрликтин мыйзамды одоно бузганын айтышууда. Ага катышкандардын арасында партиянын мүчөлөрү, жарандык активисттер да бар.