Жалал-Абадда 5 жаштагы бала дайынсыз болуп жатканын ӨКМ кабарлады. 

 

Маалыматка караганда, 20-апрелде куткаруучуларга 2014-жылы туулган И.Э. аттуу баланын ата-энеси кайрылышкан. Алардын айтымында, бала 19-апрелде саат болжол менен 17.00дө Базар-Коргон районунун Акман айылында кабарсыз кеткен. Ата-эне милицияга да баласын таап берүү өтүнүчү менен кайрылган. 

 

ӨКМ билдиргендей, бала дарыяга кулап кеткенин көргөн күбөлөр жок. Ага карабай куткаруучулар суу сактагычка суу жеткирген Акман каналын текшеришти. Издөө жыйынтык бербеди. 

 

Учурда баланы 40 куткаруучу, 28 милиция кызматкери жана  65 жергиликтүү тургун издеп жатат.