Бүгүн, түнкү саат 3.30дарда "Хонда" үлгүсүндөгү автоунаа Лев Толстой көчөсүндө баратып, Манас проспектисинин үстүндөгү көпүрөдөн ылдый кулаган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматтан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Р. А. аттуу айдоочуну тез жардам унаасы алып кеткен. Экспертиза анын канынан алкоголду тапкан эмес. Аварияга жеткирген себеп айдоочу рулда баратып уктап кеткен болушу мүмкүн деп айтылууда.