Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда Кызыл-Омпол аймагындагы уран кенин казуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Анда өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитетинин жетекчиси Эмил Осмонбетов жергиликтүү тургундардын арасынан уран кенинде иштей турган комиссиянын курамына кошуу сунушун жолдоду.
Комиссия кен иштетиле турган болсо, айлана-чөйрөгө, мал чарбачылыгына жана адамдын ден соолугуна кандай таасирин тийгизээрин иликтейт. Учурда "ЮрАзия" компаниясы чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Комиссиянын тыянагы менен кен чыгуучу жердин андан аркы тагдыры белгилүү болот.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар кайчы пикирге тушугушту. Айрымдары келгендерди "дежур комиссия" деп аташса, бир даары аларга кен чыгуучу жерде иштөөгө, иликтөөгө мүмкүнчүлүк берип, андан кийин тыянагын угуу керектигин айтышты.
Эмил Осмонбетов элдин каршы маанайы туура эмес маалыматтардан улам пайда болуп жатканын белгиледи.