Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП партиясынын мүчөлөрү Адилет министрлигинин алдына митингге чыгышты.
Эске салсак, аталган министрлик КСДП партиясынын юридикалык жүздөрү көрсөтүлгөн электрондук базасына өзгөртүү киргизишип, лидери катары Сагынбек Абдырахмановду жазышкан.
Митингге 20 чакты адам чыкты. Алар министрликтин мыйзам бузганын айтып, министр Марат Жаманкуловдун отставкасын талап кылышты. Ал эми Сагынбек Абдырахмановду саясий рейдерликке айыпташты.
Митингчилердин арасында партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева менен партиянын катарына жакында кошулган жарандык активист Адил Турдкулов бар.