Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясын жасоону башташ керек. Бул тууралуу энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди. 

 

"Мындай операциялар чет өлкөлөрдө 70 миңден 120 миң долларга чейин турат. Мынча каражатты ким таба алат? Ошол эле учурда 20 жаш бала боорун алмаштырууга муктаж", - деди ал. 

 

Айтымында, аталган борбордо бөйрөктү алмаштыруу операциялары ийгиликтүү өтүп жатат, бул жаатта 20дан ашуун адистер эларалык сертификатка ээ болушкан. 

 

Ал эми ушул жылы боорду алмаштырууну да ищ жүзүнө ашырууну каалашат. Бул боюнча ЖК төрагасына кайрылуу жолдошкон. 

 

"Борбордо өкмөттүк делегация болду. Биринчи этаптагы жабдыктарды алууга 400 миң доллар керектелет", - дейт ал.