Аламүдүн райондук соту кызды зордуктаган эки кишини сегиз жылдан эркинен ажыратты. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кылмыш  2018-жылы болгон. Эки киши кызды шаар четине алып барышып, бир нече жолу кезектешип зордукташкан.

 

Айыпталуучулар сотто айыптарын жарым-жартылай моюнуна алышкан. Алар кыз өз каалоосу менен интимдик байланышка барганын айтышкан. Бирок, тергөө алар кызды Кой-Таш айылына алып барышып, сабашып, зордукташып, андан кийин четке таштап коюшкан. Айыпталуучулардын айыбы экспертиза жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденген.