Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев лидерлик кылган КСДПнын атынан арыз келип түшкөнүн билдирди.
Юстиция министрлигине чара көрүүнү суранган арыз 18-апрелде башкы көзөмөл органына жеткен.
Эми Башкы прокуратура 24 саат ичинде арызды кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алууга тийиш.
Эске салсак, Юстиция министрлиги аталган партиянын юридикалык жүзүнүн маалыматтары топтолгон базасындагы лидердин аты-жөнүн жана дарегин өзгөрткөн. Ага ылайык, учурда партиянын лидери Сагынбек Абдырахманов болду.