Жакында милицияга Ош облусунун жашоочусу кыймылсыз мүлккө тиешелүү алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Арызда жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, маанилүү чыгым келтирген жаран көрсөтүлгөн.
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Аныкталгандай, беш жыл ичинде жабырлануучунун кайрылуусун жана аны менен байланышууга аракет кылгандыгын жокко чыгарып келген. Бир нече жыл күткөн соң жабырлануучу аял укук коргоо органдарына кайрылууну чечкен. Аталган арыз КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр башталган. Сотко чейинки иликтөөлөрдүн алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн.
Тиешелүү көрүлгөн чаралардын натыйжасында ыкчам кызматкерлер тарабынан Ош шаарынын 1978-жылы туулган А.Т. аттуу жашоочусу кармалган. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтортун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Азыркы учурда сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.