КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков Сагынбек Абдырахмановду сотко бербейбиз дейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында билдирди. 

 

"Абдырахманов биздин сотко кайрылуубузду эле күтүп жатат. Биз Башкы прокуратурага кайрылдык. Сот доо арызды кароо учурунда партиянын ишмердүүлүгүн толугу менен токтотуп тура алат",  - дейт ал. 

 

 

Ал эми депутат Ирина Карамушкина болуп жаткан окуяларды эл өзү таразалап алаарын билдирди. 

 

 

Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жолдоп, Юстиция министрлигинин, өкмөттүн жана президенттик аппараттын чиновниктерин жоопкерчиликке тартууну талап кылды.