Соцтармактарга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, соттолуучу Алмаз Сулайманов учурда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан камера чагылдырылган видео тарады. Сулаймановдун кримдүйнөдөгү каймана аты “Лимонти”.

 

 КР ЖАМК видео тууралуу түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, видеодогу көрүнүш чындык эмес. Чындыгында бул жасалгалуу бөлмө №1 колониядагы соттолуучулардын жана алардын туугандарынын жолугушчу бөлмөсү. Кримавторитет өзү болсо учурда №16 колонияда кармалууда.

 

ЖАМК аны менен катар кримавторитеттин чыныгы камерасын видеого тартып чагылдырган.