Учурда  Кыргызстанга 500 миӊ тоннадан ашуун контрабандалык ун ташылып келүүдө. Мисалы, 2014-жылы ундун расмий импорт көлөмү 460 миӊ тонна болсо, 2018-жылы 78 миӊ тонна болгон. Акыркы мезгилде ун өндүрүү 3 эсе азайды, ал эми расмий импорт көлөмү мурдагы бойдон калды. Мунун айынан ун өндүрүү тармагында иштеген 3 миӊден ашуун жараныбыз жумушунан ажырады. 

 

Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

«Өкмөт өзүнүн өндүрүшүнө мындай мамиле жасаганы жакшылыкка алып келбейт. Тегирмендерден бюджетке каражат түшпөй калды, салыкчылар акча таппай жүрүшөт. Контрабандалык ундун 80 пайызы Казакстандан ташылып кирүүдө. Демек, биз өзүбүздүн эмес, казак экономикасын колдоп жатабыз. Чек араны тартипке салып, атамекендик ун өндүрүүнү жолго салсак, мамлекеттик бюджетке миллиарддаган каражт түшмөк», - деди ал.