Бишкекте учурда 90 мектеп бар, анда 80 миң окуучу билим алышы керек. Бирок иш жүзүндө 90 мектепке 150 окуучу батып кетти.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Аманкулов билдирди.
«Бишкек шаарындагы мектептерде окуучулардын саны тиешелүү ченемден эки эсе көп. Жок дегенде республикалык бюджеттен жылына бир мектеп курууга каражат бөлүнүп турушу кажет»,- деди ал.
Депутат Зиядин Жамалдинов Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы мектеп курулушу башталып токтоп калгандыгы боюнча жергиликтүү тургундардын кайрылуусун Өкмөткө багыттады. Ошону менен катар борбор калаанын Токтогул, Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бала бакчанын имаратын 1-май райондук прокуратурасына берилишине нааразычылыгын билдирди.
Депутат Дастан Бекешев Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылына мектептин курулушу бүтпөй тургандыгын, Өкмөт Түп районунун Тогуз-Булак айылына мектеп курууга убада бергени менен ал аткарылбай келе жатканын, Чүй, Нарын райондорунда таза суу маселелери чечилбей келе жаткандыгын тизмектеди. «Убада берилгенде, курулуш мөөөнөтү дагы так айтылса»,- дейт эл өкүлү.