Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германия Федеративдүү Республикасына расмий визитинин алкагында дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндөгү, финансы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлду. 


Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жалпы суммасы 21 млн еврону түзгөн 3 макулдашууга кол койду. 


«Кол коюлган макулдашууга ылайык 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана, 6 млн евро каражатка Таласта перинаталдык оорукана курулат. Ошондой эле кошумча 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына бөлүндү», - деп белгиледи Бактыгүл Жеенбаева. 


Министр баса белгилегендей, Германия бул каражаттарды грант катары бөлдү.