Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иши кайра жандандырылды. А бирок күбөлөр суракка чакырыла элек.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев башпрокурорго суроо берип жатып билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар башпрокурордун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун угуп жатышат. 

 

"Мен мурда күбө катары сурак бергемин.  Бирок, иш жандангандан бери  тергөөчүлөр мени  суракка кайра чакырган жок.  Качан чакырасыӊар?", - деди депутат. 

 

Ошондой эле, ал жакында президент Кыргызстанда  «уюшкан кылмыштуу мафиялык топтун» бар экенин айтканын эске салды.

 

«Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу мафиялык топтун бар экенин алгачкы жолу угуп жатабыз, чын эле ушундай топ барбы? Андай болсо, кылмыштуу мафиялык топтун мыйзамсыз иштерин иликтөө тобу түзүлдүбү?», - деди. 

 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иши чындыгында эле кайра жандандырылганын бышыктады.  Тергөөчүлөр жакын арада күбөлөрдүн баарын кайра суракка чакыра турганын билдирди.