Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында, Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгү боюнча отчету угулуп жаткан маалда башпрокурорго экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тууралуу суроо берди. 

 

"Шадиевдин үй-мүлкүн конфискациялоо канчалык деңгээлде мыйзамдуу болду?" - деп сурады ал. 

 

Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов бул боюнча соттун өкүмү чыкканын жана ал бүгүнкү күндө күчүнө киргенин, ага ылайык Шадиевдин мүлкү конфискацияланышы керектигин билдирди. 

 

 

"Туура, Аскарбек Шадиевге карата чыккан сот өкүмүндө үй-мүлкүн конфискациялоо жазылган. Бирок, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге чыккан өкүмдө конфискация жөнүндө эч нерсе айтылбаган. Мурдагы бийлик Түлеевдердин үй-бүлөсүнүн конституциялык укугун жана мыйзамды бузушту. Экс-мэр абакка отуруп чыкты, материалдык зыянды 61 миллион сом төлөп, ордуна келтирди. Ага карабай анын жана жакындарынын  үй-мүлкүн  эмнеге конфискациялап жатышат? Мурдагы башпрокурор рейдердик кадамга барды, ал жаран Түлеевдин конституциялык укугун жана Кылмыш процессуалдык кодексти бузду. Экспертиза өкүмдө конфискация жоктугун аныктаган. Бирок, Түлеевдин атасынын жана башка туугандарынын мүлкүн тартып алышты", - деди депутат.