Экинчи КСДП каттоодон өтүү үчүн Адилет министрлигине кайрылды. Бул тууралуу партиянын катчылыгынан маалымдашты. Белгилей кетсек, бул партиянын лидери Сагынбек Абдырахманов.

 

Лидердин айтымында, бардык жараян сентябрга чейин аяктайт. Алар партиянын атын өзгөртүүсүз калтырууну каалашат.

А бирок, биринчи КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева эгер министрлик экинчи партияны каттоодон өткөрсө анда биринчи партия сотко кайрылаарын билдирди.