Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов стадиондун ордуна соода борбору курулганына нааразыланды.

 

Депутаттар башкы прокурордун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун угуп жатышат.

 

“Трибунада биз сизге көп тапшырма беребиз, а сиз көңүл бурбайсыз. Жер боюнча меселе көтөргөнбүз. Стадиондордун курулушу, бала бакчалардын кайтарылышы жана мектепке байланышкан маселе көп. “Азия Молл” соода борбору кандайча стадиондун ордуна курулуп калды?” – деп таң калды депутат.