Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ищин жаңы жаралган жагдайларга байланыштуу кайра кароо керек. Мындай пикирин депутат Бахадып Сулейманов парламент жыйынында билдирди.

 

Депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчетун угушту.

 

Депутат Сулейманов  Текебаевге каршы көрсөтмө берген Росссиянын жараны Леонид Маевский көз боемочулук менен кармалганын эске салды. Ага байланыштуу Текебаевдин иши кайра каралышы керек дейт.

 

 Башпрокурор жаңы Кылмыш кодексине ылайык, соттолуучу тарап ишти кайра кароого сотко кайрылса болоорун айтты.

 

“Учурда Текебаевдин иши Жогорку сотко жөнөтүлдү. Мыйзам алкагында биз аны кайра кароого даярбыз”, - деди ал.