11-мартта Кантта белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, бир нече убакыттан кийин табылган Даниил Браилкин аттуу мектеп окуучусунун эжеси кыргызстандыктарга кайрылды.

 

“Мен Даниилдин бир тууган таежесимин. Мени бул акция алдын ала даярдалган деген пикир жазылган макалалар нааразы кылууда. Бизди таң атпай коркунучка кептеген жырткычтар бирдемени пландашса керек. Бирок, мен баарыңыздардан бизди түшүнүп, капысынан атанын, энеснин жана жакындардын башына түшкөн кайгыны туура кабыл аласыздар деп ойлойм. Мындай маанидеги макалаларды жарыялабай эле койсоңуздар. Аны баары окушат. Силер бизди, ансыз да уурдоо, өлүм коркунучуна кептелген баланы уулап жатасыздар. Адамдар, анчалык таш боор болбоңуздар.

Балага тез арада психологиялык жардам керек, а силер уулагандан уулап жатасыңар. Качан токтойт?!”, - деп жазган аял.

 

Эске салсак, 12 жаштагы Даниилди уурдоо боюнча эки шектүү кармалган. Бири Эдуард Ш. 1988-жылы туулган, экинчиси Владимир Р. 1987-жылы туулган.