Бишкекте Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мотоцикл менен кагылышты. Бул тууралуу жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматтан билдиришти.

 

 Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 15-апрелде саат 7:30да Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Мотоциклдин айдоочусун Тез жардам алып кетти.

 

 Ал эми “Бишкекжашылдандыруучарбачылыгынын” маалымат катчысы Аида Айдаралиеванын маалыматына караганда, бул жол кырсыгынан ишкананын кызматкери жабыркаган.