Майлуу-Суу шаарынын эрезеге жете электердин иши боюнча инспекциясынын кызматкерлери 15 жаштагы Диляра Абдурасулованы табышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кызды ата-энесине өткөрүп беришти. Учурда кыздын эмнеге үйүнөн качып кеткенинин себеби иликтенип жатат.
Эске салсак, аталган шаарда 15 жаштагы кыз 5-апрелде үйүнөн мектепке кетип, ошону менен келбеген. Апасы кызын тренировкада деп ойлоп, кечке чейин күткөн. Эртеси милицияга кайрылып, аймактык милиция кызматкерлери түп көтөрүлө кызды издешкен.