Бишкектеги шаардык соттун имаратынын алдында УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду колдогон митинг өтүүдө. Анда элүү чакты адам топтолду.

 

 Эске салсак, Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Үй-мүлкү конфискацияланган. Бирок, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан чакта анын айыккыс дартка чалдыкканы белгилүү болгон.

 

Мындан улам, мыйзамга ылайык айыккыс дартка чалдыккан соттолуучуну мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү менен Суталиновдун адвокаттары сотко кайрылышкан. Сот бир жактуу чечим чыгарбай, бир канча убакыттан бери создуктурулуп келатат.

 

Суталинов эки жумада бир жолу Улуттук Онкология борборуна химиятерапияга алынып келинип турат.