Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча иши бүгүн, 15-апрелде каралышы керек эле.
Бирок, Мурат Суталиновдун ден соолугу начарлап кеткендиктен аны сот залына алып келишкен жок. Анын адвокаты Тимур Карабаев соттолуучусуз эле ишти карап, чечим кабыл алууну сунуштады.
Анткен менен процесске дагы бирөө – ЖАМКнын өкүлү келбеген болуп чыкты. Процессти баштоону жарым саатка жылдыра турууну суранышты эле, сот Адис Момуналиев ЖАМКнын өкүлүсүз ишти карай албай турганын айтты. Ошону менен отурум 7-майга жылдырылды.
Эске салсак, Мурат Суталинов 25 жылга үй-мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратылган. Ал №47 түзөтүү колониясында кармалууда. Соттолуучунун айыккыс дартка чалдыкканы аныкталгандан кийин мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси жаралган.