Кыргызстандын Чүй облусундагы мамлекеттик чегарасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген үч казакстандык кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти
Маалыматка караганда, алар Казакстандын аймагынан Кыргызстандын аймагына көзөмөл өткөрүү пункту жок жерден өтүүгө аракеттенишкен. Кармалгандар УКМКга сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, 2019-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген 25 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандар кармалган.