Экс-депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн, 13-апрелде Москвадан Бишкекке учуп келмек. Ал бул тууралуу бир жума мурун эле жарыялап, "Манас" абамайданына саат канчада келип түшөөрүнөн бери ачык айткан. Бирок, экс-депутаттын планы боюнча мекенинин абасынан дем алуусуна саналуу сааттар калганда капысынан чечими өзгөрдү.
Ал Кыргызстанга келбей турган болду. Мындай чечимди эл-жердин тынчтыгы үчүн кабыл алганын да билдирди. Бабановдун келишине эл топтолуп, эки миңдей адам абамайдандан тосуп алса, дагы он миңдей адам шаардын борбордук аянтында митинг уюштураары айтыла баштаган. Экс-депутаттын айтымында, мындан улам эл толкуп кетип өлкөнүн туруктуулугуна зыяны тийбесин деген таризде мекенине келүүнү убактылуу токтотуптур.
Өмүрбек Бабановго 2017-жылы "улуттук кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал президенттик шайлоо өтөөрү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Бул убакыт аралыгында анын Москва шаарында жашап, жеке ишкерчилик менен алектенгени айтылып келген. Ошондой эле экс-депутат бир нече жолу саясаттан кеткенин, эми ага аралашпай турганын жарыялаган.