Акыркы учурда коомду дүрбөлөңгө салган интригалар пайда болууда. Жакында банк менен соттошуп, бирок соттун акыйкатсыздыгынан утулуп калган Света аттуу жаран мамлекет башчыга кайрылуу жазып, ага өзүндөй эле сот тармагынын коррупцияланышканынан жапа чеккен 3000ге жакын адамдардын тизмесин тиркеген. Акыйкатсыздыктан запкы тарткандар бир бүтүнгө айланышып, баарылап соттогу коррупцияга каршы күрөшүүнү, бул тармактагы ириген-чириген схеманы президентке жеткирүүнү белсенишкен. Бирок, кайрылуу дарегине багыттала электе, эженин 3000 адамдын кайрылуусун кармап отурганын билген топ, караңгыда үйүнө баш багуудан жалтанышпаптыр. Белгисиз адамдар андан акыйкатсыздыктан жабыркагандардын документтерин берүүнү талап кылышып, маселелерин “чаап алуу” жолу менен чечип берээрин айтышкан.
Төмөндө биз Света аттуу жарандын жазгандарын өзгөртүүсүз келтиребиз:
“2019-жылы 8-апрель күнү кечки саат 8 -9дар чамасында дарбаза тыкылдаганынан “Ким бул?”, - десем, “Света эже?”, - деген үн чыкканынан басып барып, ким экен деп назар салсам мен тааныбаган бейтаныш адамдар экен. “Биз атайын келдик, сиздерде 2000 -3000ге жакын адамдардын тизмеги бар экен. Сиздер бийликке кайрылып жатыпсыздар, бийлик сиздерге жардам бербейт. Биз жардам беребиз. Бийлик силерди киши ордуна көрбөйт. Жүрүңүз тизмеңизди көчүрүп алалык, бизде “влиятельный” адамдар отурат”, - деди. “Влиятельный” адамдарың ким?”, - десем, “Барганда көрөсүң”, - деди. “Ал документтер менде эмес, Төрөайымда”, - деп артка кетенчиктедим. Жанындагы жашы кырктан өтүп калган адам: “Э бул мамлекеттин кызыкчылыгы, биз мамлекетке адилеттүү бийлик алып келишибиз керек. Азыр согуш башталат, сенин Төрөайымың капкалын жеген обончу, ал кайсы бийлик болсо ошол жерде жүрөт, ал бербейт. Аны сен чакырыпсың, сенде турбайбы документтер, бер”, -деди. “Мына, - деди колун көтөрүп, -200 атчан даяр турат, адилетсиз соттор менен банктарды 1 түндө талкалайбыз. Азыркы согуш банктар менен соттордун айынан болоорун билесиңби? Балдардын келечегин ойлойсуңбу? 2000 адамдын документтери бар экендиги чын болсо, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн балдардын келечеги үчүн бергин”, - деди. Андан кийин “менде жок”, - деп кетенчиктесем, “Революцияны ушул катындан башташ керек экен, энеңди.... Айдар бизди алдап жиберген экен, бас кеттик “, деди жанындагыга. Мен эптеп дарбазадан кирип жапканча шаштым, азыр башка чаап ийчүдөй корктум. Муну менен мен эмне айтмакчымын, 25 -февраль 2019 -жылы менин чөнтөк телефонума “Аппарат жетекчиси Дастан Давлетаевич тынчыңызда алат” деген смс келди. Мен ага чейин байланышка чыкканымда сот департаментинин деректору Ибраимов тааныштарынын жардамы менен менин үйүмдү тартып алып жатат деп болгон окуяны айтып бергенмин, ал мага жообун бермек болуп сөзүбүз бүткөн. Экинчи жолку байланышта: “Мен сот департаментинин жетекчисин чакырдым, Кудай урсун деп карганып жатат. Эже, мен иштериңердин баарын чечем эч кимге айтпа”, - дегенинен 10 күн убактымды ага кетирдим. Аягында Төрөайымга айтуу менен алыстан келген координаторлорго билдирип алар менен өзү сүйлөшүп чечти, 20 миңден акча сурады . Мына ушундай кайрылуу жана 3000 адамдын документтери менен кыргыз элинин канын төктүрүүнүн кереги жок.
Мына, кыргызстандыктар, мен муну менен акчага, бийликке тойбогон Атамбаевдин адамдары деп ойлоп жатам. 8 жыл бийликте турганда ушул боздогон эл 10 жылдап соттошуп, адилеттик таппай жүргөндө каякты карап отурду Атамбаев? Эгерде 200 атчан ат менен келип банктар менен сотторду бир түндө чаап кетсе, бизден көрбөңүздөр. Урматтуу элим, 90 баланын каны менен бийлике келип Ош окуясында 500гө жакын кыйылган өмүрлөргө, Дачасудагы кыйылган 40ка жакын өмүрлөргө Атамбаев жооп берсин. Ошончо өмүрлөр кыйылганда, бир чоңдун баласынын мурду канадыбы, жалаң гана мага окшогон карапайым энелердин балдары көз жумду. Эмне себептен өзү бийликте турганда ушул маселелерди чечкен жок? Азыр биздин коомдо соттон адилеттик таппагандар 3000 адам болсо, жерге акча төлөп, же жерден жок, же акчадан жок как талаада калган 5000ден ашык адамдардын тизмеси бар. Мен эч качан ал тизмелерди өлкөмдүн стабилдүүлүгүн бузуп, тоз -тополоң чыгаруучуларга бербеймин. Ансыз деле байкуш эл биздин коомдук уюмдан үмүт кылып, коомдук уюмга мүчө болушкан. АТАМБАЕВдин “ак шакалдары” акча алып көнгөн. Кыргыз элим алданбагыла, 3- революцияны көтөрө албайбыз. Өлкөбүз жок болуп кетүү коркунучунда турат, ошондуктан ойлонуп иш кылалы. Болбогон акчага алданбагыла, энелердин көз жашы төгүлбөсүн. Кыргыз мамлекетибиз жоголбосун. Этият бололу”.
Бийлик үчүн кээ бир адамдар эмнеге гана барышпайт. Эми минтип, соттордун жедеп коррупцияга малынып калганынан жабыркаган тараптын маселесин да өз кызыкчылыгына пайдалана башташты.