Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагындагы автоунаа токтотууга уруксат берилбеген жерлерге токтотулган автоунааларга рейд жүрдү.
Бул тууралуу шаардык милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык милиция Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери менен биргеликте көчөлөрдөгү тыгынга алып келген жол боюнда уруксатсыз токтотулган автоунаалардан тазалоо боюнча иш-чара жүргүздү.
Рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган айдоочуларга 12 протокол түзүлүп, айыптар жазылды.
Бул сыяктуу иштер шаар ичинде дайыма жүргүзүлүп тураары белгиленген.