Экс-депутат, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо учурдагы президентке башкы атаандаш болгон Өмүрбек Бабанов мекенине 13-апрелде кайтып келээрин жар салды. Ал мындай билдирүүнү соцтармактагы баракчасына калтырган. Анда жазганына караганда саясатчы 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип конот.
"Республика" партиясындагылар ушул күнү митинг өткөрүүгө ниеттеништи.
Алар өкмөт үйүнүн жанындагы аянтта 13-апрелде 14:00дөн 20:00гө чейин митинг өткөрүшөт. Митингге 10 миң адам катышаарын айтышты.