Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзүнө тагылган айыптарга макул эмес. Бул тууралуу ал сот отурумунда айтты.
Соттордун колунда өлкөнүн тагдыры, келечеги турганын белгилеген ал:
"Бул жерде өлкөнүн келечекте инвестициялары боюнча да кеп болуп жатат. ЖЭБ боюнча соттук отурумдарды учурда чет элдик донорлор да карап, байкашууда. Мен сиздерге ишенем. Мага коюлган айыптоолорго макул эмесмин, анткени, мыйзам бузуулар болгон эмес", - деди Сатыбалдиев.
Ошондой эле ал сот отурумдарын жумасына эки жолу өткөрүүнү суранды. Бирок сот адвокаттар башка отурумдарга да катышкандыгы үчүн бир жолу гана өткөрүлөөрүн айтты. Сатыбалдиев керек болсо адвокат алмаштырууга макул экенин билдирди.