9-апрелдин түнүндө белгисиз адамдар катуу сабалып, эси-учунан танган эки кишини Бишкектеги №2 төрөткананын короосуна таштап кетишкен. Алардын бири өзүнө келбей жатып көз жумган.
Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, экинчиси да каза тапты.
"Катуу сабалган экинчи кишинин да абалы өтө оор болчу. Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 10-апрелде өзүнө келбей жатып каза болду", - деп билдирет ШИИБ.