КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Таалай Усубалиев, Темирлан Султанбеков жана Нурбек Касымбековдор “Ата Мекен” партиясынын офисинде болушту.

 

Алар атамекенчилерден дарбазага чапталып турган экс-президент Атамбаевдин сүрөттөрүн алып салууну суранышты. Сүрөттүн түбүндө “Атамбаев камалсын” деген жазуу жазылган.

 

“Ата Мекенден” билдиришкендей, ксдпчылар мындай кылуу этикага жатпайт жана сот гана кимдин кылмышкер, кимдин таза экенин чечээрин айтышкан. Бирок, “Ата Мекен”  мурдагы мамлекет башчысын кылмыш жоопкерчилигине тарттырмайынча беттеген багытынан кайра тартпайт.