Өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн чагылдырган отчету ЖКнын тармактык комитетинде жактырылган. Бирок, кемчиликти таап чыгуу, сын айтуу деген сыяктуу пикирлер да пайда болбой койбогон. Бул боюнча депутат Алмазбек Токторов "Парламент" радиосуна берген маегинде "жаңы мыйзамдардын жашап кетишиндеги өкмөттүн ордун" белгиледи.
"Ар бир кабыл алынып жаткан мыйзамдын иштеп кетишинде өкмөттүн жоопкерчилиги жогору. Ошондуктан, мыйзамды жөн эле жазылган кагаз катары эмес, аны таасири, духу күчтүү документ катары таануу керек.
Эл арасында өкмөт ишине “2” деп баа бергендер угула калып жатат. Бирок, ар бир аткарылган иштин артынган жоопкерчилиги бар экендигин унутпашыбыз керек. Ошондуктан, мээнетти баалоодо маңыроо караган жарабайт. Таразанын калыс өлчөнгөнү жакшы”, - деди А.Токторов.