Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча айып тагылган. Башкы прокуратура анын саясий билдирүүсүнө жооп берди.

 

Мекеменин маалыматына караганда, Исаков билдирүүсүндө өзүн актап, тагылган айыптардын баары саясий мотивге төңкөргүсү бар. Аны менен катар коомчулуктун пикирин өзгөртүү жана укук коргоо кызматтарын дискредитациялоо максатында ал Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча козголгон кылмыш иштерин бир бүтүнгө айлантып көрсөткүсү келет.

 

 Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария бир катар коррупциялык ири иштердин ачыкка чыгышын шарттаганын жана  иликтөөлөрдөн кийин  башында С. Исаков турган топко коррупция боюнча айып тагып, кылмыш ишин козгоого негиз  пайда болгонун билдирет.

 

Эске салсак, Сапар Исаков билдирүү жарыялап, анда өзүнө ачылган кылмыш ишин президент Жээнбековдун “саясий заказы” деп белгилеген. Ошондой эле ЖЭБ боюнча айыпталгандардын баары ак жерден жаза тартып жатышканын айткан.