Кыргызстанда 6 миң 500 адам эмделүүдөн баш тартканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, эмделүүдөн баш тарткандардын саны бул жылы 1500 адамга кыскарган. 2017-жылы 8 миңдей адам баш тарткан болчу.
Дарыгерлер эмдөөдөн баш тартуу диний түшүнүктөн улам болуп жатканын айтышат.
Жакында Баткен облусунда эмдөө алган жети мектеп окуучусу өздөрүн жаман сезип ооруканага жеткирилген. Азыр алардын алтоосу ооруканадан чыгарылды, бир кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө, бирок акыбалы турукташты. Саламаттыкты сактоо министрлиги балдардын эмдөөдөн кийинки абалын психоэмоционалдык катары сыпатташууда.